ӨКӨФнун Евробиримдиктеги активдери тоңдурулгандыктан КРнын үч министри сүйлөшүүгө Брюсселге учуп кетишти

ӨКӨФнун Евробиримдиктеги активдери тоңдурулгандыктан КРнын үч министри сүйлөшүүгө Брюсселге учуп кетишти

ӨКӨФнун Евробиримдиктеги активдери тоңдурулгандыктан КРнын үч министри сүйлөшүүгө Брюсселге учуп кетишти. Маалыматты Economist.kgге ведомстволордогу өз булактары тастыктады.

Маалым болгондой, министрлер кабинети Бельгиянын Euroclear Bank S.A./N.V каржы түзүмүндө тоңдурулган Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун активдери боюнча Евробиримдиктин бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өкмөттүк делегацияны Брюсселге жөнөттү.

Делегациянын курамына: экономика министри Данияр Амангелдиев, финансы министри Алмаз Бакетаев жана юстиция министри Аяз Баетов кирди.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокен районундагы Коммунизм –Коминтерн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокен районундагы Коммунизм –Коминтерн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокен районундагы Коммунизм – Коминтерн унаа жолуна эки тараптуу асфальт төшөлүп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым аралыгына эки тараптуу асфальт төшөө иштери каралып, курулуш иштери №51 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан аткарылды.  Союз мезгилинен бери

Кыргызстан экономикасын жыл сайын кеминде 8%га өстүрүүнү максат кылууда

Кыргызстан экономикасын жыл сайын кеминде 8%га өстүрүүнү максат кылууда

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Евразия өнүктүрүү банкынын "Евразия 2030+: инвестициялар, өсүш жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу пленардык жыйында сөз сүйлөдү. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Евразия өнүктүрүү банкынын 20 жылдыгына арналып, Алматыда өткөн банктын жылдык жыйынынын уландысы болду. Бакыт Сыдыков Кыргызстан "Евразия 2030+

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым жерлеринде 29-июндан 2-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкекгаз" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Кызыл-Аскер району: Сары-Челек, Ала-Арча, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Жашыл, Жаңы, Колхоз жана Заводской көчөлөрү, ошондой эле айланма жолдун тегерегиндеги аймактар;

Чаткалдын Курулуш айылына 21 млн сомго маданият үйү курулуп баштады

Чаткалдын Курулуш айылына 21 млн сомго маданият үйү курулуп баштады

26-июнда Чаткал районунун Курулуш айылында жаңы маданият үйүнүн курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү. Иш-чарага район акими Алтынбек Сеңирбаев катышып, бул долбоор аймактын социалдык жана маданий өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жаңы маданият үйүнүн курулушу мамлекеттин аймактарды