КР Коргоо министрлиги Россиядан тик учак сатып алды – баасы белгисиз

Кыргызстандын Коргоо министрлигине Россиядан МИ-17 тик учагы өткөрүп берилди. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Тик учак министрлик менен россиялык «Рособоронэкспорт» АКнын ортосундагы келишимдин негизинде сатып алынды. Бирок анын баасы айтылган жок.

Тик учак ИЛ-76 учагы менен жеткирилди. Аны коштоп келген адистер бул жактан чогултуп, учкучтар сыноодон өткөрүп беришти.

Аба техникасын сатып алуу үчүн бюджеттен каражат бөлүнгөн.