Элдана Сатарова ММБФнун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Элдана Сатарова Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун жаңы орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Элдана Сатарова министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун буйругу менен 22-июнда дайындалган.

Сатарова 2008-2012-жылдары Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин тармактык саясатты өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү, андан кийин башкы адиси кызматын ээлеген. Андан соң 2023-жылга чейин Экономика министрлигинин алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу саясаты бөлүмүн жетектеген.