Садыр Жапаров Ысык-Көлдү балык кармоочу торлордон тазалоонун жүрүшү менен таанышты

Садыр Жапаров Ысык-Көлдү балык кармоочу торлордон тазалоонун жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров, 29-июнда, Ысык-Көлдү балык кармоочу торлордон жана көлдүн акваториясын таштандылардан тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана ӨКМдин суучулдар тобу менен биргеликте аткарылып жаткан иштерди жеке өзү текшерди.

Президентке маалымдалгандай, анын тапшырмасына ылайык үстүбүздөгү жылдын март айынан бери өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан көлдөн 100 километрдей браконьердик торлор алынып, Ысык-Көлдүн түбүнөн 6.8 тоннага жакын таштанды тартып чыгарылган.

Мындай көлөмдөгү балык уулоо шаймандары жана тиричилик калдыктары толук эмес төрт айдын ичинде Жети-Өгүз районунан Чолпон-Ата шаарына чейинки акваторияда эле чогултулган.

Бүгүнкү күндө көлдү тазалоо иштери батыш багытында жүрүп жатат, андан ары түштүк жээкте улантылып, октябрга чейин бүткөрүлүп, суунун бетин толугу менен камтыйт.

Мамлекет башчысынын катышуусундагы инспекциянын жүрүшүндө үч сааттын ичинде суучулдар 500 метрден ашык жаңы жана эски балык уулоочу торлорду кармашты, эми алар утилизацияга кетет.

Жапаров ӨКМ кызматкерлеринин Ысык-Көлдүн суу экосистемасын сактоодо, ошондой эле браконьерликке каршы күрөштө экологиялык милициянын жана башка кызматтардын оор эмгегин белгиледи.

Мамлекет башчысы аткарылып жаткан иштердин өзгөчө маанисин баса белгилеп, жайкы туристтик сезон аяктагандан кийин да акваторияны үзгүлтүксүз патрулдоону улантууну тапшырды.

Президент ошондой эле жарандарды табигый кооз жерлерге, туристтик жайларга аяр мамиле жасап, таштанды таштабоого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун