Нарындын мэриясы үчүнчү жолу электр автобустарын сатып алуу үчүн тендер жарыялады

Нарындын мэриясы үчүнчү жолу электр автобустарын сатып алуу үчүн тендер жарыялады

Нарын шаардык мэриясы электр автобустарын сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Тиешелүү тендер мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.

Такталгандай, 30-июнда мэрия беш электробус жана үч заряддагыч сатып алууга тендер жарыялаган. Буга 73.4 млн сом жумшоо пландаштырылууда.

Эске салсак, ушул жылдын 14-мартында Нарындын мэриясы буга чейин ушундай шарты бар электробустарды сатып алууга өтүнмө берген. Анда бул максаттарга республикалык бюджеттен 76 млн сом бөлүнүшү керек болчу.

Апрель айында ал сынак жараксыз деп табылган. Андан соң май айында президенттин облустагы өкүлү Алтынбек Эргешов электр автобустарды ортомчуларсыз түз сатып алуу чечими кабыл алынганын билдирген. Эргешовдун айтымында, мындай жол менен беш автобус алууга бөлүнгөн каражатка жети автобус алса болот.

Азырынча Нарында бир дагы электр автобус сатып алынган эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаң айылында “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондогу тоо-кластери мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча көчмө жыйын өттү. Жыйын Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы астында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев, министрликтин кызматкерлери

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Джунда” Чайна Петроль Компани” жабык акционердик коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, заводдун жетекчилиги жана

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарындагы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктаганын билдирди. Маалыматка ылайык, 8-майда адистер системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтурууну жана ысык суу берүү процессине даярдык иштерин башташат. Ал эми Бишкек ЖЭБи керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тарта бере баштайт. Алгач