Транспорт министрлиги Нарындын аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштерин көрсөттү

Транспорт министрлиги Нарындын аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштерин көрсөттү

«Нарын» аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери өз нугунда жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Такталгандай, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин биринчи орун басары Талант Солтобаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында ал жакта курулуп жаткан аэропортко  барып, аткарылып жаткан иштер менен таанышты.  

Анда Солтобаев бул долбоорду  ишке ашыруунун үстүндө иштеп жаткан адистер менен жолугуп, аларга жолдорду оңдоо иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу,  талаптагыдай деңгээлде жүргүзүү жана белгиленген мөөнөттө  аяктоо тапшырмасын берди.

Бүгүнкү күнгө аткарылып жаткан иштерге кыскача токтоло кетсек, Нарын аэропортунда 23 300 пм жаракаларды битум аралашмасы менен жамоо, 800м2 аң чөнтөктөрдү жамоо иштери жүрдү. 108 000м2 георешетка  450 данна тосмо алынып келинди.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

18-июнда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагындагы Кара-Ой айылында тоолорго жааган катуу жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 2 сарайдын короосун каптап, ички чарба жолдорун жууп кеткен. ӨКМДин маалыматына ылайык, 19-июнда жүргүзүлгөн тактоо иштеринде материалдык зыян жок экени аныкталып, селден жабыркаган жол тилкелери жана 300 метр ички арыктар атайын

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктар үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы менен биргеликте “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысын төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.  Төлөм

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол чийиндери аба ырайы жакшыргандан кийин түшүрүлөрүн эскертти. Учурда аталган кесилиште бардык жол белгилери орнотулган. Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын ылдамдыкты сактоого, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууга чакырат. Кыргызстандын экономика,

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммельди кабыл алды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономика, инвестициялар жана бизнес-форумдарды өткөрүү сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле МинКаб башчысы жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман ишкердик кеңешинин алкагындагы кызматташтык