Инвестициялар агенттиги менен Мамкурулуш эң начар маморгандар болду

Инвестициялар агенттиги менен Мамкурулуш эң начар маморгандар болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин жыйынында эң начар жана эң мыкты иштеген мамлекеттик органдарды тизмектеди.

Эң начар жана эң мыкты иштеген мамлекеттик органдардын тизмеси:

• «Мыкты» баа алгандар — Саламаттык сактоо, Айыл чарба, Билим берүү, Тышкы иштер, Энергетика министрликтери; облустардан: Баткен, Жалал-Абад, Ош, Нарын облустары жана Бишкек жана Ош мэриясы;

• «Жакшы» деген баа алгандар — Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлиги, Ички иштер министрлиги, президенттин Ысык-Көл жана Чүй облусундагы өкүлчүлүктөрү, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги;

• «Канааттандырарлык» баа алгандар — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги, президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү, Жарандык коргоо агенттиги;

• «Канааттандырарлык эмес» деген баа менен — Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, Мамлекеттик курулуш агенттиги.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын

Ош шаарында 2,16 млрд сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Ош шаарында 2,16 млрд сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Кыргызстандын Эсеп палатасы 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде Ош шаарынын бюджетин түзүү жана аткаруу, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү боюнча аудит жүргүздү. Текшерүү төмөнкү мекемелерди камтыды: * Ош шаарынын мэриясы * Ош шаардык кеңеши * Каржы министрлигинин Ош шаардык финансы башкармалыгы * аларга караштуу бюджеттик жана чарбалык мекемелер Аудиттин жыйынтыгында жалпы 2 млрд 168,

Кыргызстанда жаныбарларды багуу жана көбөйтүү боюнча жаңы эрежелер бекитилди

Кыргызстанда жаныбарларды багуу жана көбөйтүү боюнча жаңы эрежелер бекитилди

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин багуу, көбөйтүү жана коргоо маселелери боюнча токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомдун максаты — жаныбарларды капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма чөйрөдө багуу жана көбөйтүү тармагындагы мамилелерди тартипке келтирүү, ошондой эле мыйзамдардагы шайкеш эместиктерди жоюу. Ага ылайык,

"Манас" социалдык айылында өз алдынча иштеп, үй-бүлө кургандар бар

"Манас" социалдык айылында өз алдынча иштеп, үй-бүлө кургандар бар

Акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева Чүйдүн Мураке айылындагы майыптыгы бар жарандар үчүн адистештирилген “Манас” социалдык айылынын ишмердүүлүгү менен таанышты. 2004-жылы негизделген бул коомдук бирикме майыптыгы бар адамдарды обочолонтпой, аларды эмгекке жана чыгармачылыкка аралаштырууну көздөйт. Учурда мында 17ден 40 жашка чейинки 24 тургун жашайт. Алардын көбү мурда мамлекеттик стационардык мекемелерде тарбиялангандар.