«Кыргызмамжердолбоорлоонун» кызматкерлери мамлекетке 52.4 млн сомго зыян келтирген – УКМК

«Кыргызмамжердолбоорлоонун» кызматкерлери мамлекетке 52.4 млн сомго зыян келтирген – УКМК
Photo by Bermix Studio / Unsplash

Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Мурда маалымдалгандай, мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталган.

«Аталган а/а жооптуу кызматкерлери «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак району боюнча филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, акчалай сыйлыктар үчүн жеке турак жай курууга 8 гектардан ашык жер тилкелерин Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонуу менен мыйзамсыз сатып, андан соң жер тилкелерине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды чыгарып беришкен», - деп билдирүүдө белгиленген.  

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы жер тилкелердин жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актылар жасалма корутундунун негизинде, Жалал-Абад областындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын учурдагы директору А.у.Ы. жана адиси Т.Ж.Т. тарабынан берилгени аныкталды.  Алар корутундуда жер тилкелеринин категориясын, тактап айтканда айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана айыл чарба багытындагы жерлерди курула турган жерлерге атайылап өзгөртүшкөн.

Бул кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, курула турган жерлерге өзгөртүлгөндөн кийин, жеке жактарга жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды берүү мыйзамдаштырылып, натыйжада мамлекеттик бюджетке 52 миллион 440 миң сом зыян келтирилген.

Азыркы учурда кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусунун тергөө абагына киргизилип, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүсүнө шарт түзүлөт. Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкекте муздак суунун баасы көтөрүлдү. Бул чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Маалыматка ылайык, суунун бир куб метринин баасы 10,45 сомдон 15,73 сомго чейин, ал эми канализация үчүн 3,45 сомдон 6,80 сомго чейин көтөрүлдү. Бишкек шаардык кеңешине суу менен камсыздоо тарифтерин көтөрүү сунушун борбор калаанын мэриясы

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

Талас облусунун Манас районунда жайгашкан “Чон-Капка – автожол” автомобиль өткөрүү пунктунда комплекстүү оңдоо иштери аяктады. Маалыматка ылайык, “Чон-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун оңдолушу менен жарандардын транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жакшырды. Ошондой эле көзөмөлдөөчү органдардын иштөөсү үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында жүргүзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 70

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

26-июнда Бишкек шаарында Алматы – Бишкек экономикалык коридору демилгесинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын туризм боюнча биргелешкен жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлери, Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Казакстандын Туризм