Салык кызматы 7-августка чейин жеке жактар тапшырган бардык салык декларацияларын жок кылат

Салык кызматы 7-августка чейин жеке жактар тапшырган бардык салык декларацияларын жок кылат

Салык кызматы 2023-жылдын 7-августуна чейин «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамына ылайык (9-июнда күчүнө кирген) жеке жактар тарабынан тапшырылган бардык салык декларацияларын жок кылат.

Салык кызматына мыйзам күчүнө киргенден тартып 60 күндүн ичинде жеке ишкерлерден башка жеке жактар тарабынан тапшырылган бардык декларацияларды жок кылуу тапшырылган.

Жок кылынууга ишкердик иш жүргүзбөгөн (FORM STI-100), салык салынуучу кирешеси жок (жөнөкөйлөтүлгөн) (FORM STI-103), мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган жана ээлеген (FORM STI-155) жеке жактын бирдиктүү салык декларациясы, ошондой эле жеке жак үчүн салык декларациясы (FORM STI-079) тийиш.

Жеке жактар тарабынан тапшырылган жогоруда көрсөтүлгөн бардык салык декларацияларын жок кылууга жогоруда аталган Мыйзамга ылайык мамлекет тарабынан кепилдик берилет.

Эске салсак, Мыйзам 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон активдерди (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, акча каражаттары ж.б.) легалдаштырууну карайт.

Жеке жактардын легалдаштырылган активдери үчүн салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө каралган эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кепилдик берүү түрүндөгү кылмыш-жаза жоопкерчиликтен бошотулат.

Мыйзамдын максаты – активдерди декларациялоо учуруна карата жеке жактарга таандык болгон, анын ичинде башка жактарга номиналдуу таризделген жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жайгашкан активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү жолу менен жеке жактардын мүлкүн жана кирешелерин легалдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу.

Ошондой эле ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтөт, көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартат, ушул Мыйзамда каралган активдерди ыктыярдуу декларациялоонун киргизилишине чейин орун алышы мүмкүн болгон мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдар тарабынан куугунтуктоодон активдердин сакталышын жана алардын ээлерин коргоону кепилдөөнү камсыз кылат.

Активдерди ыктыярдуу декларациялоонун мөөнөтү – Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып кийинки 12 ай.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун кароону, тапшырууну санариптик түргө өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун кароону, тапшырууну санариптик түргө өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун тапшыруу жана кароо процессин электрондук форматка өткөрүүнү караган мыйзам долбоору киргизилди. Документ парламенттин регламенти жана ченемдик укуктук актылар тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Өзгөртүүлөрдүн маңызы — документтерди бир эле учурда кагаз жана электрондук түрдө милдеттүү түрдө тапшыруу талабынан баш тартуу. Анын ордуна мыйзам долбоорлорун жана коштоочу материалдарды

Аскер комиссариаттын кызматкери акча алып жатканда кармалды

Аскер комиссариаттын кызматкери акча алып жатканда кармалды

Ноокат райондук аскер комиссариатынын кызматкери опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, атайын кызматтын Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында 28-апрелде 2-бөлүмдүн башчысы С.у.М. опузалап талап кылынган акчаны алып жаткан учурда кармалган. Бул факт боюнча

Медициналык кароосуз мигранттарга иштөөгө уруксат жок

Медициналык кароосуз мигранттарга иштөөгө уруксат жок

Кыргызстанда эмгек мигранттары үчүн милдеттүү медициналык көзөмөл киргизүүнү караган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ тышкы эмгек миграциясы жана жарандардын саламаттыгын коргоо тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Долбоорго ылайык, өлкөгө иштөө үчүн келген чет өлкөлүк жарандар төмөнкүлөрдөн өтүшү керек: * эмгек ишмердигин баштоодон мурун милдеттүү медициналык кароодон өтүү; * уруксат берүүчү документтерди

ЕАЭБ өлкөлөрү учактарды импорттоого карата бажы алымын нөлгө түшүрүштү

ЕАЭБ өлкөлөрү учактарды импорттоого карата бажы алымын нөлгө түшүрүштү

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр Казакстандын сунушу менен учактарды импорттоого карата бажы алымын 12 жылга нөлгө түшүрүшкөнүн Казакстандын Соода министрлиги билдирди. ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет. Бул өлкөлөр бирдиктүү бажы аймагын түзгөндүктөн, үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон көпчүлүк товарларга бирдиктүү бажы алымдары колдонулат. Буга чейин учактарды импорттоодо бажы алымы