Акылбек Жапаров Миң-Куштагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо иштери менен таанышты

Акылбек Жапаров Миң-Куштагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо иштери менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Белгилей кетсек, учурда уран калдыктарын «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайынан «Дальнее» калдык сактоочу жайына которуу боюнча иштер жүрүүдө.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда президенти Миң-Куш айылынын жергиликтүү калкы менен жолугуп, радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу, утилге чыгаруу жана жоюу, ташуу учурундагы коопсуздук боюнча тынчсызданууларын уккан.

Мамлекет башчысы бул уран калдыктарын эвакуациялоо иштери рекультивациялоонун колдонуудагы эрежелеринин жана эл аралык талаптарынын чегинде гана жүргүзүлөөрүн белгилеп, ошону менен бирге объекттерде бардык санитардык нормалар жана техникалык коопсуздук эрежелери сакталаарын айткан.

Буга байланыштуу МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министри баш болгон тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте уран калдыктарын рекультивациялоо иштерин жеринде көрүп чыгып, анын жыйынтыгында бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, рекультивациялоо иштерин  «Росатом» мамлекеттик корпорациясы  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жүргүзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда орточо айлык акы 46,7 миң сомго жетти

Кыргызстанда орточо айлык акы 46,7 миң сомго жетти

2026-жылдын январь–март айларында Кыргызстанда орточо айлык эмгек акы 46 миң 731 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,8%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын I чейрегине карата азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетенинде айтылат. Маалыматка ылайык, инфляцияны эске алганда эмгек акынын

Алгачкы эки саатка 50 сом: унаа токтотуунун жаңы системасы сыноодон өтөт

Алгачкы эки саатка 50 сом: унаа токтотуунун жаңы системасы сыноодон өтөт

Бишкектеги Жеңиш аянтынын аймагында жайгашкан муниципалдык унаа токтотуучу жайда сааттык төлөм системасы сыноо тартибинде ишке кирди. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Сааттык төлөм системасы Шопоков көчөсүнүн чыгыш тарабында, "One Group" соода борбору менен Жеңиш аянтынын ортосунда жайгашкан 95 орундуу муниципалдык унаа токтотуучу жайда колдонулууда. Сыноо мезгилинде алгачкы 15

Жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди

Жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөөдепартаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөлдөө иш-чараларынын алкагында Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсү менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди.

Ноокен районундагы Коммунизм –Коминтерн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокен районундагы Коммунизм –Коминтерн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокен районундагы Коммунизм – Коминтерн унаа жолуна эки тараптуу асфальт төшөлүп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым аралыгына эки тараптуу асфальт төшөө иштери каралып, курулуш иштери №51 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан аткарылды.  Союз мезгилинен бери