Кыргызстанда орточо айлык акы 46,7 миң сомго жетти

Кыргызстанда орточо айлык акы 46,7 миң сомго жетти

2026-жылдын январь–март айларында Кыргызстанда орточо айлык эмгек акы 46 миң 731 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,8%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын I чейрегине карата азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетенинде айтылат.

Маалыматка ылайык, инфляцияны эске алганда эмгек акынын реалдуу өсүшү 5,2%ды түзгөн. Ал эми Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсептегенде, өлкөдөгү орточо айлык акы 534,4 $га барабар болгон.

Статистика көрсөткөндөй, бюджеттик эмес тармактагы кызматкерлердин эмгек акысы бюджеттик мекемелердеги кызматкерлердин айлыгынан орточо 1,8 эсеге жогору болгон.

2026-жылдын биринчи кварталында эмгек акынын өсүшү экономиканын бардык тармактарында байкалган. Эң жогорку өсүш төмөнкү тармактарда катталган:

- айыл чарбасы – 34,9%;
- финансылык ортомчулук/камсыздандыруу – 28,8%;
- суу менен камсыздоо/калдыктарды кайра иштетүү – 28,4%;
- кесиптик, илимий /техникалык ишмердүүлүк – 27,6%;
- кыймылсыз мүлк операциялары – 25,9%;
- электр энергиясы, газ/жылуулук менен камсыздоо – 23,9%;
- курулуш – 21%;
- мамлекеттик башкаруу/социалдык камсыздоо – 20,2%;
- административдик кызматтар – 18,8%;
- маданият, көңүл ачуу жана эс алуу – 18,6%;
- транспорт жана жүк ташуу – 17,9%;
- дүң жана чекене соода, автоунааларды оңдоо – 17,7%.

Ошол эле учурда өлкөдө эмгек акы боюнча карыздардын көлөмү дагы көбөйгөн. 2026-жылдын 1-апрелине карата эмгек акы боюнча жалпы карыз өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,3%га өскөн.

Эмгек акы боюнча эң чоң карыз Чүй облусуна туура келип, жалпы карыздын 51,7%ын түзгөн. Андан кийин Жалал-Абад облусу – 39,4%, Бишкек шаары – 3,6% жана Баткен облусу – 2,9% орун алган.

Мындан тышкары окуңуз

Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда

Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 26-октябрда Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалым болгондой, Тогуз-Торо районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 43,4 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, райондо транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорлор каралууда. Атап айтканда, Казарман айылында болжолдуу

Ишкер Media
Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда аянты 14 469 чарчы метр болгон жаңы автобекет салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 395 млн сомду түзөт. Иштер 2025-жылдын январында башталган. Автобекет 2 кабаттуу, заманбап үлгүдө курулууда. Имаратта жүргүнчүлөр үчүн күтүү залы, административдик бөлмөлөр

Ишкер Media
Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстанга чет өлкөдөн келип түшкөн акча которуулардын ички дүң продукцияга (ИДП) карата үлүшү мурдагы 30%дан 20%га жетпеген деңгээлге төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда, Улуттук банктын басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан мурда акча которуулардын экономикадагы үлүшү эң жогору болгон

Ишкер Media
Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Чүй башкармалыгы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында мыйзамсыз курулушту аныктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүүдө желдеткич соргучтарды жасоочу өндүрүштүк цех катары пайдалануу үчүн кампа долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуп жатканы белгилүү болгон. Жыйынтыгында жооптуу "ЭкстраВент" ЖЧКсына акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу

Ишкер Media