Акаев коркоктугунан улам, кошуна мамлекеттерге "Газды бизге сатып атасыңар, суу деле жаратылыш байлыгы, төлөп алгыла” деген талабын коё алган жок — Акималиев

Акаев коркоктугунан улам, кошуна мамлекеттерге "Газды бизге сатып атасыңар, суу деле жаратылыш байлыгы, төлөп алгыла” деген талабын коё алган жок — Акималиев

"Акаев коркоктугунан улам, Казакстан менен Өзбекстандын президенттеринен чочулап эле, жакшы талап коё албай койду. Силер газды бизге сатып атасыңар, суу деле жаратылыш байлыгы деп, "соода-сатык кылалы, алсаңар да акчасын төлөп алгыла" деген талап коё алган жок.

Мындай пикирин мурдагы "легендарлуу парламенттин" депутаты, мурдагы Айыл чарба министринин биринчи орун басары, академик Жамин Акималиев "Азаттыкка" суу тартыштыгы боюнча берген маегинде билдирди.

"Советтер Союзу учурунда бир өлкө болгонубуз үчүн, Чу дарыясы аркылуу Орто-Токойдон 48% Казакстанга, 52% гана Кыргызстанга деп белгиленген. Киров суу сактагычынынан болсо суунун 80%дан көбү Казакстанга кетет. Токтогул суу сактагычындагы суунун 97% өзүбүздө пайдаланылбай, Өзбекстан менен Казакстанга кирип кетет. Бирок ал кезде биз утулчу эмеспиз, анткени Москва башка каражат менен, башка товарлар менен баланстап, ырааттуу саясат жүргүзүп турчу. Көз карандысыздык алган соң "сууну кандай пайдаланабыз" дегенди тактап, чечип алышыбыз керек болчу", - дейт Акималиев.

Ошондой эле ал "Легендарлуу парламенттин" депутаты катары Турдакун Усубалиевич жана башкалар болуп, сууну товар деп эсептөөгө, өлкөнүн  ичинде да, сыртында да сатууга мыйзам кабыл алып бергенин айтат.

"Акаев көп көп көңүлдөнбөй, коркоктугунан улам, Казакстан менен Өзбекстандын президенттеринен чочулап эле, жакшы талап коё албай койду. Силер газды бизге сатып атасыңар, суу деле жаратылыш байлыгы деп, “соода-сатык кылалы, алсаңар да акчасын төлөп алгыла” деген талап коё алган жок. Кийинки бийликтердин тушунда да ушундай саясат кармалып келди. Эми азыр маселе койсоң башкача кабылданып, саясат кылып жатышат. Мына эми климат өзгөрүп, мөңгүлөр азайып, суу тартыш болгон учурда туңгуюкка кептелдик. Быйыл ошонун азабын көрүп жатабыз", - дейт академик.

Ушундай эле сууну товар катары сатуу керек деген пикирди энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбеков да ИШКЕР МЕДИАга берген маегинде айткан эле.

"Азыр суунун баасы жок болуп жатат, кыйраган системадан чыгыш керек. Суу ит бекер болгонуна кошуналар көнүп алды. Биз баалашыбыз керек. Сууну улутташтыруу зарыл. Кыргызстандагы бүт суу сактагычтарды киргизип, мамлекеттик суу ишканасын түзүш керек. 1 куб сууну ички керектөөчүлөргө 5-10 тыйындан, сыртка болсо 3 сомдон кылсак, ошондо мамлекеттик суу ишканасы жылына млрд акча алып келет. Жок, коңшу өлкөлөр унчукпайт, алардын суусунда баа бар, бизде эле жок", - деген болчу ал.

Карыбековдун айтымында, Токтогул каскады жайыттардан, сугат жерлерден ылдый тургандыктан, өлкө сугатка суунун башынан 2%ын гана алат. Ал жактан суу Өзбекстан, Казакстанга кетет.

"Жалпы жонунан биз өзүбүздөгү суу мүмкүнчүлүгүнүн 20%ын эле пайдаланабыз. Калган 80% сыртка кетип атат. Ал эми мынабу Нарын дарыясынын күчүнүн 1.5% эле пайдаланабыз да, 98% башка өлкөлөргө кетип жатат. Мына быйыл кургакчылык болуп, биз суунун башында турсак да арпа-буудайдын түшүмү такыр эле болбой калды. Тоют да начар болгону жатат. Малдар арыктап, жайлоолор начарлап жатат", - деди академик Акималиев "Би-би-сиге".

Эскерте кетсек, 13-августта КР Айыл чарба министрлиги Казакстанга сугат суу берүү келиши убактылуу токтогонун маалымдаган болчу. Министрлик сугат суу маселеси Таласта бүгүнкү күндө да курч бойдон турганын, Киров суу сактагычына секундуна 1.3 куб метрден гана суу агып кирип жатканын кабарлаган. Былтыр ушул күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 13.7 куб метрге жетип аткан.

  • Учурда Киров суу сактагычындагы суунун көлөмү (9-августта) 32.48 млн куб метрди гана түздү.
  • Ал эми өткөн жылы ушул убакта суу сактагычта 177.28 млн куб метр суу болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаң айылында “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондогу тоо-кластери мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча көчмө жыйын өттү. Жыйын Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы астында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев, министрликтин кызматкерлери

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Джунда” Чайна Петроль Компани” жабык акционердик коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, заводдун жетекчилиги жана

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарындагы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктаганын билдирди. Маалыматка ылайык, 8-майда адистер системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтурууну жана ысык суу берүү процессине даярдык иштерин башташат. Ал эми Бишкек ЖЭБи керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тарта бере баштайт. Алгач