Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

16-июнда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков  Кыргызстандагы Пакистандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушуп, транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Экономика жана коммерция министрлигинин басма соз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар 2025-жылдын 3–4-декабрында президент Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин карашты.

Ошондой эле кол коюлган эки тараптуу келишимдерди жана меморандумдарды жүзөгө ашыруу боюнча иштер талкууланды.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги боюнча пикир алмашуу болду. Өзгөчө көңүл өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, экспорттук-импорттук операцияларды кеңейтүү жана эки тараптуу экономикалык дараметин натыйжалуу пайдалануу маселелерине бурулду.

Транспорттук-логистикалык багытта Пакистандын деңиз портторун Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн пайдалануу, ошондой эле транзиттик жүк ташууларды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-пакистан мамилелерин мындан ары чыңдоого жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жалпы узундугу 9 чакырымды түзгөн автожолго эки катмар асфальт төшөлөт. Учурда жолдун 6 километрине биринчи катмар асфальт төшөлдү. Курулушка 8 атайын техника жана 20га жакын кызматкер тартылган. Белгилей кетсек, буга чейин бул аймак эгин талаасы

Ишкер Media
Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Кыргызстандын аймактарында толук күндүк режимде иштей турган тогуз бала бакча уюштуруу пландалууда. Учурда алар үчүн ылайыктуу жайларды тандоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-октябрда министрликте ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өтүп, тогуз бала бакча үчүн жайларды тандоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 128

Ишкер Media
Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, профилдик мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын ишмерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 9 айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, Кеңештин мурунку жыйынынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү

Ишкер Media
Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

"Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси табигый илимдер жана математика предметтери боюнча жалпы 238 430 нуска иш дептери басылып чыгарылганын билдирди. Маалыматка ылайык, ал окуу-методикалык комплекттер аймактардагы мектептерге жеткирилип, окуучуларга таратылат. Анын ичинде 2-класстар үчүн Табигый илимдер предмети боюнча: • Кыргыз тилинде билим алган класстар үчүн

Ишкер Media