Мамлекеттик өнүктүрүү банкы уставдык капиталын бир айда эки жолу көбөйттү — Меганы сатып алуу үчүн

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы уставдык капиталын бир айда эки жолу көбөйттү — Меганы сатып алуу үчүн

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы уставдык капиталын бир айдын ичинде экинчи жолу дагы 5 млрд сомго көбөйттү. Тиешелүү чечимди КР Өнүктүрүү институту 24-августта акционерлердин кезексиз жыйынында кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын акционерлери 24-августтагы кезексиз жыйынында уставдык капиталын дагы 5 млрд сомго, тагыраак айтканда, 7 миллиарддан 12 млрд сомго чейин көбөйтүү чечимин кабыл алышты. Капитал август айынын башындагыдай эле жөнөкөй акцияларды чыгаруу жолу менен көбөйтүлөт. Бир акциянын жайгаштыруу баасы 1 миң сомду түзөт.

Эске салсак, 4-августта да Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын акционерлери уставдык капиталды 5 млрд сомго көбөйтүү чечимин кабыл алышкан. Ошону менен бирге акционерлер жалпы суммасы 14.6 млрд сомдук мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу боюнча компаниянын активдеринин баланстык наркынын 50%дан ашкан ири бүтүмдөрдү түзүүнү чечишти.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы "Альфа Телеком" (Mega бренди менен иштеп жаткан) сатып алуу үчүн уставдык капиталын көбөйтүүдө. Мамлекеттик уюлдук байланыш компаниясынын болжолдуу баасы болгону 14.6 млрд сомду түзөт. Кошумчалай кетсек, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Мамлекеттик өнүктүрүү банкы "Альфа Телекомду" сатып алууну пландап жаткандыгы тууралуу маалыматты айткан болчу.

«Мега» уюлдук операторун баасы кымбат учурунда сатканыбыз жакшы - ММБФ
“Мега” уюлдук операторун баасы бар учурунда сатканыбыз жакшы. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров кечээ, 23-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында депутат Таалайбек Сарыбашев эгер “Мега” саты…
Депутат: «Мегаком» сыяктуу мамлекетке киреше алып келген ишканаларды сатпаш керек. ММФ: сатабыз
Мамлекетке киреше алып келип жаткан ишканаларды жеке менчикке өткөрбөш керек. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов Мамлекеттик мүлк фондунун (ММФ) төрагасы Мирлан Бакировго айтты. Депутаттын пикиринде, мамлекетке киреше алып келип жаткан ишканаларды ж…
MEGAны Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алышы мүмкүн
MEGAны Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алышы мүмкүн бул тууралуу президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жазды. Анын айтымында, «Альфа Телеком» (MEGA) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок. «Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага КРнын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлд…

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун