Депутаттар Жогорку Кеңештин 2027-жылга чейин өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө долбоорун кабыл алышты

Депутаттар Жогорку Кеңештин 2027-жылга чейин өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө долбоорун кабыл алышты

Жогорку Кеңештин депутаттары «Жогорку Кеңештин 2027-жылга чейин өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө» токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин токтом долбоору тууралуу маалыматты Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев тааныштырды.

Анын айтымында, жаңы Конституцияда КР Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктары, анын көзөмөлдөө функциялары өзгөргөн, буга байланыштуу мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө негизги көңүл бурулду.

Нурланбек Азыгалиев белгилегендей, ЖК стратегиясында 2027-жылга чейин парламенттин алдына коюлган жаңы максаттар жана милдеттер камтылган. Ал стратегияда «Санариптик парламент», «Онлайн отурум», «Парламенттин теле-радиостудиясы», «Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору», «Мыйзам долбоорлорунун сапаттуу экспертизасы», «Парламенттик көзөмөл», «Постмыйзамдык көзөмөл», «Мыйзам чыгаруудан кийинки көзөмөл», «Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн социалдык тармактарда чагылдыруу», «Ачык комитет», «Коомдук талкуу», «Талдоочулардын мектеби», «Ченем жаратуу мектеби», «Электрондук петициялар», «Аналитиктердин мектеби», «Депутаттын электрондук коомдук кабылдамасы» сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу каралганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун