Депутаттар грузиялык кесиптештери менен жолугушту
Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңешинин Грузия менен кызматташуу боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси, “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков баштаган депутаттар Грузия парламентинин депутаты Давид Матикашвили баштаган депутаттык делегация менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга Жогорку Кеңешинин депутаттары, Грузия менен кызматташуу боюнча ЖКнын достук депутаттык тобунун мүчөлөрү Ырысбек Атажанов, Абдыбахаб Боронбаев, Жаныбек Кыдыкбаев, Улугбек Ормонов, Медербек Саккараев, Элмурза Сатыбалдиев, Мурадил Сыдыков, Бактыбек Чойбеков, Бахридин Шабазов жана Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Лалиашвили катышты.
Достук депутаттык тобунун жетекчиси Бактыбек Сыдыков өз сөзүндө Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүнө терең кубанычта экендигин белгиледи.