Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту
Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Президент Садыр Жапаров жетишилген макулдашуулар эки жактуу алакаларды мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берип, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.