Эсептөө палатасы Алай районунун бюджетинде 6.6 млн сомдук мыйзам бузуулар аныктады

Эсептөө палатасы Алай районунун бюджетинде 6.6 млн сомдук мыйзам бузуулар аныктады

Алай районунун жергиликтүү бюджетинде 6.6 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.

Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгы, Алай районунун айыл өкмөттөрү, райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылды.

Аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 6 млн 687.5 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон финансылык бузуулар 5 млн 962 миң сом, аудит учурунда ордуна коюлганы 3 млн 664.7 миң сом, ордуна коюлбаганы 2 млн 297.3 миң сомду туздү: Бузуулардын классификатору төмөндөгүдөй:

• Бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы жана өз учурунда төлөнүшү, туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө, контролду жүргүзүү чараларын көрүлбөшү 161.8 миң сомду түзгөн, аудит учурунда 159 миң сом ордуна коюлган, ордуна коюлбаганы 2.8 миң сом;

• бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулар 20.6 миң сом, ордуна коюлду;

• курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуу жалпы 1.5 млн сом, толук ордуна коюлуууга тийиш, ордуна коюлган жок;

• муниципалдык кызмат көрсөтүүдөгү бузуулар 235.2 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт (ишкана мекемелер менен коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча (тазалык) келишимдер түзүлбөстөн кызмат көрсөтүлгөндүктөн кирешелер түшпөй калган);

• товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашыкча чыгымдалышы 127.5 миң сом, анын ичинен 41.6 миң сому ордуна коюлууга жатат, ордуна коюлган жок;

• кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар 459.2 миң сом, андан ордуна коюлууга тийиш болгон сумма 54.8 миң сом, 53.8 миң сом ордуна коюлган;

• негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу 235.4 миң сом, аудит учурунда мекемеге толук калыбына келтирилди;

• мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы 17.9 миң сом, мекемеге калыбына келтирилди;

• тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу 17.7 миң сом, ордуна коюлду;

• дебитордук карыздарды бухгалтердик эсептен жашыруу 3.8 млн сом, толук ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 3.1 млн сому мекеменин эсебине калыбына келтирилген.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media