Кыргызстан менен Өзбекстан темир жолдун курулушунун маанилүүлүгүн талкуулашты

Кыргызстан менен Өзбекстан темир жолдун курулушунун маанилүүлүгүн талкуулашты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда боордош эки мамлекет ортосундагы байланыштарды бекемдөө, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сөз болду.

Анын ичинен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунунун курулушу аталган үч мамлекет үчүн эле эмес, жалпы чөлкөм үчүн маанилүү экени белгиленип, Кыргызстан менен Өзбекстан темир жолдун өз убагында бүткөрүлүшүнө кызыкдар экендиги кошумчаланды.

Мындан сырткары, тараптар эки өлкөнүн алакасынын учурдагы абалына токтолуп, өлкө башчылары жана парламент төрагалары баштаган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин байма-бай жолугушуусу көп маселелердин ийгиликтүү чечилишине өбөлгө түзүп жатканы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Күзөт кызматы президенттин карамагына өттү

Күзөт кызматы президенттин карамагына өттү

Жогорку Кеңеш 17-июнда “Мамлекеттик чек араны коргоо жана мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.  Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы УКМКнын Чек ара кызматын Мамлекеттик чек ара кызматына айландыруу, ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматын УКМКнын курамынан чыгарып, аны түздөн-түз өлкө президентине

А.Шыкмаматов: Журналисттерге дагы салыктык жеңилдиктер каралган

А.Шыкмаматов: Журналисттерге дагы салыктык жеңилдиктер каралган

Президенттин креативдүү секторду салыктан бошотуу тууралуу жарлыгында каралган жеңилдиктерден Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары да пайдалана алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Шыкмаматовдун айтымында, жарлыкта “Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды, анын ичинде тексттик, графикалык, аудио жана видеоматериалдарды даярдоо, жайгаштыруу жана жайылтуу кызматтары” жөнүндө сөз болот.

Кыргызстан менен Венесуэла балык чарба тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Венесуэла балык чарба тармагында кызматташат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Венесуэланын Балык чарбасы жана аквакультура боюнча элдик бийлик министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргызстандагы элчиси Росальба Ло Буэ менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар балык чарбасы жана аквакультура тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын

Бишкек ЖЭБинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүүдө

Бишкек ЖЭБинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүүдө

Бишкек жылуулук электр борборунда алдыдагы күз-кыш мезгилине карата пландуу оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, иштердин негизги максаты — кыш мезгилинде калкты жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. Учурда станциянын негизги жана көмөкчү жабдуулары, ошондой эле имараттары жана курулмалары жаңыланууда. Бекитилген иш тартибине ылайык,