Ошто кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн ИИМдин аткаминерлери кармалды

Ошто кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн ИИМдин аткаминерлери кармалды
Photo by Dastan Suiuntbekov / Unsplash

2021-жылы Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 220 батирлүү үй курулуп, алар кезектүүлүк боюнча батир алышкан. Батирлер мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча көптөгөн даттануулар келип түшкөндөн кийин кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарынын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган.

Бирок КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши кайрадан козголуп, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүп берилген.

“Тергөөнүн жүрүшүндө, 2021-жылы Ош облусунун ИИБнын Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги М.Ы.А. жана анын орун басары Ж.М.Р. кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, биринчи кезектеги кызматкерлерди башка аймактарга атайылап которушкан.  Андан кийин Турак-жай жана турмуш-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, акчалай сыйлык алуу учун документтерди бурмалоо жолу менен мурда кезекте турбаган адамдарды биринчи кезектин катарына киргизишкен”, - деп мекеме белгиледи.

Тергөө тарабынан чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 25-сентябрында Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси М.Ы.А., анын орун басары Ж.М.Р. жана кызматкер Д.А.К. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда электросамокаттар жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттары үчүн уруксат берилген эң жогорку ылдамдыкты саатына 25 чакырымдан 15 чакырымга чейин төмөндөтүү сунушталууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул демилге жөө жүргүнчүлөрдүн жана жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонгондордун коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Белгиленгендей, акыркы

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Бишкек шаарында жергиликтүү жамааттардын климаттык туруктуулугун бекемдөө маселелерине арналган Диалог уюштурулду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чара Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Коомчулуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (КДУД) алкагында өттү. Жыйынга Кыргызстан менен катар Өзбекстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышты. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков аймактарды

Ноокатта кычкылтек өндүрүүчү жаңы станция ишке кирүүгө даяр

Ноокатта кычкылтек өндүрүүчү жаңы станция ишке кирүүгө даяр

Ноокат райондук аймактык ооруканасынын базасында курулган жаңы медициналык кычкылтек өндүрүүчү станциянын тесттик сыноолору ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Саламаттык сактоо министрлиги менен өнөктөштүктө БУУӨП тарабынан ишке ашырылып, Глобалдык фонд тарабынан каржыланган. Жаңы станция COVID-19 пандемиясы маалындагы кычкылтек тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү максатында курулган. Германиядан

“Беш-Таш” жаратылыш паркына аркан жолдору курулат

“Беш-Таш” жаратылыш паркына аркан жолдору курулат

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана бөлүнгөн каражаттын негизинде, Талас районунда жайгашкан “Беш-Таш” мамлекетик жаратылыш паркында аркан жолдорун куруу иштерин баштоого, Кытайлык “Zumsun” компаниясы менен келишимге расмий түрдө кол коюлду. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди. Маалыматка ылайык, июнь айында аркан жолдун курулуш иштери башталат. Натыйжада, “Беш-Таш” эс