Президент Эдил Байсаловго жана Алтынбек Максутовго эскертүү берди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовго эскертүү берди. Тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул чечим Сербиядан Кыргызстанга кайтып келген Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлерин тосуп алууну жетиштүү деңгээлде уюштурбагандыгына байланыштуу кабыл алынды.