ЖКнын төрагасы өлкөнүн туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунуштады

ЖКнын төрагасы өлкөнүн туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов Кыргызстандын туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документте айтылгандай, мамлекеттин туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек.

Ушуга байланыштуу Кыргызстандын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталды.

Мындан тышкары окуңуз

Фрунзе айылында мал чарбачылыгы боюнча заманбап лаборатория ачылды

Фрунзе айылында мал чарбачылыгы боюнча заманбап лаборатория ачылды

Сокулуктун Фрунзе айылында Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтуна караштуу жаңыланган лаборатория ачылды. Имаратты түп орду менен жаңылоону Түштүк Кореянын KOPIA борбору каржылык жактан колдоп, ал азыр заманбап илимий борборго айланды. Имарат толук капиталдык оңдоодон өтүп, изилдөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Лабораторияны Дүйнөлүк банк каржылаган "Агрардык бизнестин атаандаштык

Окуучулары олимпиада жеңген мугалимге 500 миң сомго чейин сыйлыктар берилет

Окуучулары олимпиада жеңген мугалимге 500 миң сомго чейин сыйлыктар берилет

Кыргызстанда окуучулары эл аралык олимпиадалардагы жеңишке жетишкен мугалимдерге 500 миң сомго чейин бир жолку сыйлык берилерин Билим берүү министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин мугалимдери окуучуларды эл аралык олимпиадаларга даярдап, алар байгелүү орундарга ээ болсо, бир жолку акчалай сыйлык

Өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 28-29-апрелде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эске салсак, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

"Акылдуу" эсептегичтер 416 инспекторду алмаштырып, 291 млн сомду үнөмдөдү

"Акылдуу" эсептегичтер 416 инспекторду алмаштырып, 291 млн сомду үнөмдөдү

Кыргызстандын энергетика тармагында "акылдуу" эсептегичтерди киргизүү жана санариптештирүү чыгымдарды кыскартууга жана ишти оптималдаштырууга мүмкүндүк берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков билдирди. Анын айтымында, 2023–2025-жылдары жүргүзүлгөн санариптик реформалардын натыйжасында 416 инспектор кыскартылып, 291 млн сом үнөмдөлгөн. Мындан тышкары, "