Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Депутаттык комиссия мыйзамсыз курулуштар боюнча корутунду чыгарды

2023-жылдын 5-октябрында шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча отчет берди. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Комиссиянын төрагасы депутат Азамат Исраилов баяндама жасап, депутаттык комиссия   8 ирет отурум өткөрүп, Жогорку Кеңештин имаратында, мамлекеттик мекемелердин имараттарында, жарандардын Бишкек

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков
Депутаттык комиссия мыйзамсыз курулуштар боюнча корутунду чыгарды
Photo by Irene Strong / Unsplash

2023-жылдын 5-октябрында шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча отчет берди. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Комиссиянын төрагасы депутат Азамат Исраилов баяндама жасап, депутаттык комиссия   8 ирет отурум өткөрүп, Жогорку Кеңештин имаратында, мамлекеттик мекемелердин имараттарында, жарандардын Бишкек шаарындагы курулуш объекттерине даттануулары жана арыздары менен таанышуу максатында жер-жерине барып да, жыйындарды өткөргөнүн маалымдады.

Башаламан жана мыйзамсыз курулуш жөнүндө кеп козголгондо мыйзамды бузгандарга карата колдонулуучу санкциялардын шайкештиги тууралуу дагы суроо жаралат деди эл өкүлү. Курулуш объекттери боюнча жарандардын кайрылууларынын чоӊ бөлүгү курулуп жаткан көп батирлүү үйлөрдүн башаламандыгына такалат.

Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын июн айына карата 2016-жылдын башынан тартып Бишкек шаарындагы мыйзамсыз объекттердин жалпы саны 36 объектти гана түзгөн. Алардын ичинен: Кээ бир үйлөргө жарандар эчак эле мыйзамсыз көчүп келгенине карабастан, алардын “курулуп жаткан объект” катары статусу көп жылдар бою сакталып келе жатат, мындай айтканда эксплуатацияга берилбеген үйлөрдө эл жашап келет.

Шаар куруудагы такай бузууларды эске алуу менен депутаттык комиссия чечим кабыл алды. Министрлер кабинети жана Бишкек шаарынын мэриясына бир нече тапшырмаларды берди. Анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында курулуп жаткан үйлөрдү кошпогондо, конуштарда жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна убактылуу мораторий киргизүү сунушталды.

Министрлер кабинети жана Бишкек шаарынын мэриясыны бир нече тапшырмаларды берди. Анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында курулуп жаткан үйлөрдү кошпогондо, конуштарда жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна убактылуу мораторий киргизүү сунушталды.

Талкуунун соңунда бир катар сунуш-пикирлер менен депутаттык комиссиянын маалыматы эске алынды

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More