Депутаттык комиссия мыйзамсыз курулуштар боюнча корутунду чыгарды

Депутаттык комиссия мыйзамсыз курулуштар боюнча корутунду чыгарды
Photo by Irene Strong / Unsplash

2023-жылдын 5-октябрында шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча отчет берди. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Комиссиянын төрагасы депутат Азамат Исраилов баяндама жасап, депутаттык комиссия   8 ирет отурум өткөрүп, Жогорку Кеңештин имаратында, мамлекеттик мекемелердин имараттарында, жарандардын Бишкек шаарындагы курулуш объекттерине даттануулары жана арыздары менен таанышуу максатында жер-жерине барып да, жыйындарды өткөргөнүн маалымдады.

Башаламан жана мыйзамсыз курулуш жөнүндө кеп козголгондо мыйзамды бузгандарга карата колдонулуучу санкциялардын шайкештиги тууралуу дагы суроо жаралат деди эл өкүлү. Курулуш объекттери боюнча жарандардын кайрылууларынын чоӊ бөлүгү курулуп жаткан көп батирлүү үйлөрдүн башаламандыгына такалат.

Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын июн айына карата 2016-жылдын башынан тартып Бишкек шаарындагы мыйзамсыз объекттердин жалпы саны 36 объектти гана түзгөн. Алардын ичинен: Кээ бир үйлөргө жарандар эчак эле мыйзамсыз көчүп келгенине карабастан, алардын “курулуп жаткан объект” катары статусу көп жылдар бою сакталып келе жатат, мындай айтканда эксплуатацияга берилбеген үйлөрдө эл жашап келет.

Шаар куруудагы такай бузууларды эске алуу менен депутаттык комиссия чечим кабыл алды. Министрлер кабинети жана Бишкек шаарынын мэриясына бир нече тапшырмаларды берди. Анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында курулуп жаткан үйлөрдү кошпогондо, конуштарда жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна убактылуу мораторий киргизүү сунушталды.

Министрлер кабинети жана Бишкек шаарынын мэриясыны бир нече тапшырмаларды берди. Анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында курулуп жаткан үйлөрдү кошпогондо, конуштарда жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна убактылуу мораторий киргизүү сунушталды.

Талкуунун соңунда бир катар сунуш-пикирлер менен депутаттык комиссиянын маалыматы эске алынды

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун