Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын 43.3 чакырымы боюнча макулдашты

2023-жылдын 3-октябрынан 8-октябрына чейин Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43.32 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.