Акылбек Жапаров БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлүн кабыл алды

Акылбек Жапаров БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлүн кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БУУнун өнүктүрүү программасынын жаңы дайындалган туруктуу өкүлү Александра Соловьеваны кабыл алды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, өлкө эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Кыргызстан БУУнун өнүктүрүү программасынын реформаларды, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын илгерилетүүдөгү туруктуу колдоосун сезип келе жатат жана “бул өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтүү натыйжасы өлкө олуттуу туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруудагы прогресс, БУУга мүчө 166 мамлекеттин ичинен 45-орунда.

Акылбек Жапаров БУУнун Өнүктүрүү программасынын Бишкектеги кеңсесин өлкөнүн тышкы карызын кечүү боюнча иштерди координациялоого, жашыл долбоорлорго жана жаңы демилгелерге каржылоону тартууга активдүү көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Өз кезегинде Александра Соловьева өлкөдө туруктуу өнүгүү максаттарынын аткарылышын жогору баалап, өзгөчө Кыргыз Республикасын өнүктүрүү пландарына жана программаларына туруктуу өнүгүү максаттарынын индикаторлорунун киргизилгендигин белгиледи.

Ал белгилегендей, жакырчылыкты кыскартуу жана коопсуз чөйрөнү эске алуу менен туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү БУУнун Өнүктүрүү программасынын мандатынын борбордук бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

16-июнда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков  Кыргызстандагы Пакистандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушуп, транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Экономика жана коммерция министрлигинин басма соз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар 2025-жылдын 3–4-декабрында президент Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” Коргоо министрлигине 253 885 310 сом өлчөмүндө камсыздандыруу компенсациясын төлөп берди. Камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, бул төлөм 2025-жылы Жеңиш чокусунун аймагында куткаруу операциясын аткаруу учурунда жабыркаган Ми-8 тик учагы боюнча жүргүзүлдү. Тик учак 2024-жылы камсыздандырылган. Бул – Кыргызстандын камсыздандыруу тарыхындагы авиациялык окуя боюнча эң ири

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президент Садыр Жапаров президенттин администрациясынын ишин өркүндөтүүгө багытталган жаңы жарлыкка кол койду. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиргендей, документке ылайык, администрациянын түзүмүнө жана штаттык курамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Жарлык менен мамлекеттик кызмат орундарынын айрым аталыштары такталып, президенттин администрациясынын курамына катчылык институту расмий киргизилди.  Ошондой эле Администрациянын жаңыланган түзүмү жана

Депутат жарандарга берилүүчү насыя пайыздарын кайра кароону сунуштады

Депутат жарандарга берилүүчү насыя пайыздарын кайра кароону сунуштады

Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин 16-июндагы жыйынында Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчету каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында баяндама жасаган Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков өлкөнүн 2025-жылдагы акча-кредит саясатынын негизги көрсөткүчтөрүнө токтолду. Талкуу маалында эл өкүлү Айсаракан