Надира Нарматова cаламаттыкты сактоо министринен тууганын жумушка орноштурууну суранды – видео

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиевден тууганын академик Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жумушка орноштурууну суранды. Бул окуянын күбөсү 24.kg агенттигинин журналисти жана финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева болду.

Бейшеналиев депутаттын тууганын кардиология борборуна жалпы хирургияга жайгаштырарын убада кылып, резюмесиз эле директорго барса болорун айтты.

Журналист ошо эле заматта бул окуя боюнча министрдин өзүнө кайрылса, ал Нарматованын тууганын жумушка орноштуруу тууралуу сөз болгон жок деп мойнуна алган жок.