Садыр Жапаров жаңы президенттик администрацияга аталыш сунуштоону өтүндү
Президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калып, ага ат коюну Садыр Жапаров сунуштады. Бул тууралуу президент соцтармактарда жазды.
Анын айтымында, ар кандай сунуштар түшүүдө.
“Ак Ордо”, "Кут Ордо", "Айкөл Ордо", "Ынтымак Ордо" деп атоо сунуштары түштү. Жалпы элдин сунуштарын, пикирлерин угайын деп чечтим. Анткени бул ат түбөлүк калат. Тарых болот. Дагы башка аттарды каалагандар болсо сунуштарыңызды бериңиздер. Сөзсүз түрдө эмне үчүн ушундай атоону сунуштап жатканыңыздын себептерин жаза кетиңиздер”, - деп жазды президент.
Эске салсак жаңы имарат советтик учурунда курулган “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна курулуп жатат.