Улгайган ата-энесин багуудан качкандардын жазасы боюнча мыйзам парламентте колдоо тапты

Улгайган ата-энесин багуудан качкандардын жазасы боюнча мыйзам парламентте колдоо тапты

Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында улгайган ата-энесин багуудан качкандардын жазасын күчөтүү боюнча мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун депутат Тазабек Икрамов белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуудан качкан эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектөө болуп саналат.

Талкууда депутат Дастан Бекешев балдарын кароосуз калтырган ата-энелерге да жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады. Депутат Камила Талиева балдарына карата арыз жазган ата-энелердин санын тактады.

Депутаттар Жаныбек Кыдыкбаев, Медербек Алиев, Бактыбек Чойбеков аталган мыйзам долбоорун колдоого алышты. Ал эми депутат Нилуфар Алимжанова мыйзам долбооруна ата-энесин багуудан качкан балдар алимент толук төлөгөн учурда жоопкерчилик тартпайт деген толуктоо киргизүү сунушун көтөрдү.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун