Садыр Жапаровдун КМШнын мамлекет башчылар кеңешинин чакан форматтагы жыйынында сөзү

Садыр Жапаровдун КМШнын мамлекет башчылар кеңешинин чакан форматтагы жыйынында сөзү

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында бүгүн, 13-октябрда, КМШнын мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Кыргыз жерине келген меймандар менен саламдашып жатып, Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан төрагалык кылуу мезгилинде Уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, Шериктештиктин мейкиндигинде интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө, чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу процессине мүчө-мамлекеттерди активдүү тартууга салым кошуу милдетин койгондугун белгиледи.

Президент биргелешкен иштин аркасында үстүбүздөгү жылдын июнь айында Сочи шаарында өткөн КМШ Өкмөт башчылар кеңешинде экономика жаатындагы стратегиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин соодасы, инвестицияларды түзүү жана ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлганын баса белгиледи. Аны макулдашуу процедурасы абдан узакка созулду. Макулдашуу ратификациялангандан кийин КМШнын бардык өлкөлөрүндөгү ишкерлик алдыга жылып, бардык жерде иш алпаруусу жеңилдейт. Бизнес-өнөктөштөргө Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнө жол ачылат – ал өлкөлөрдө кызмат көрсөтүүгө жана келечектүү долбоорлорго инвестиция салууга мүмкүнчүлүк алышат.

«Мен бул Макулдашууну абдан маанилүү деп эсептейм жана анын Кыргызстан Уюмга төрагалык кылган мезгилде кабыл алынганы биз үчүн жагымдуу болду. Бардык тармактык жана тармактар аралык кызматташуу органдары энергетика, транспорт, айыл чарбасы, машина куруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, экология, маданият, банк иштери жана башка тармактарды өнүктүрүү боюнча биргелешкен программаларды, долбоорлорду бир максатты көздөө менен иштеп чыгып жатышканын белгилегим келип турат. КМШнын тармактык органдарынын ишмердүүлүгү турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтыйт», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал Кыргызстандын Уюмга төрагалык кылган маалдагы демилгелерин колдоп, экология жана жаратылышты коргоо боюнча артыкчылыктуу чараларын жүзөгө ашыруу жаатындагы иш-чараларга жигердүү катышкандыгы үчүн жыйын катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик ооруканаларда дарыгерлердин саны жылдан жылга азайып бара жатат

Мамлекеттик ооруканаларда дарыгерлердин саны жылдан жылга азайып бара жатат

Кыргызстанда жумуштан кеткен медицина кызматкерлеринин саны жыл сайын өсүп жатканы бүгүн саламаттык сактоо тармагындагы эмгек рыногун талдоо боюнча презентацияда айтылды. Адистердин маалыматы боюнча, 2022-жылы саламаттык сактоо уюмдарынан болжол менен 1,5 миң дарыгер кеткен (анын ичинде 70и өлкөдөн тышкары). 2023-жылы жумуштан кеткен дарыгерлердин саны 2,1 миңге жеткен (анын ичинде

Ноокатта Интернационал айылында ичүүчү суу системасы курулуп жатат

Ноокатта Интернационал айылында ичүүчү суу системасы курулуп жатат

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Зулпуев айыл өкмөтүндөгү Интернационал айылынын Баарын участкасында ичүүчү суу менен камсыздоо системасын куруу иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бул долбоор аймак калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. Анын алкагында жаңы суу өткөрүүчү магистралды тартуу этабы ийгиликтүү

Тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча форум өттү

Тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча форум өттү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Жаңы реалдуулуктагы лидерлик стратегия” аттуу тоо-кен тармагынын форумуна катышты.   Форумдун максаты – глобалдык экономикалык трансформация шартында тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган практикалык жана стратегиялык чечимдерди иштеп чыгуу болду. Эрлист Акунбеков, бүгүнкү күндө тоо-кен тармагы өлкө экономикасында негизги орунду ээлеп,

Талас облусунда быйыл 3 энергетикалык объект курулат

Талас облусунда быйыл 3 энергетикалык объект курулат

Быйыл Талас облусунда үч энергетикалык объектинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилгенин Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматта белгиленгендей, учурда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу жаңы цехтин котлован казуу иштери аяктады. Андан темир-бетон электр мамылары, ошондой эле суу өткөргүч темир-бетон шакектер сыяктуу буюмдар чыгарылат. Жылына 2 миңден ашуун мамы өндүрүлүп, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө, чыгымдарды кыскартууга жана