Жээнбек Кулубаев Люксембургдун тышкы иштер министри менен жолукту

2023-жылдын 23-октябрында Люксембург шаарында ЕБ-БА тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Люксембург Улуу Герцогдугунун тышкы жана европалык иштер министри Жан Ассельборн менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү арттыруунун келечегин талкуулашты.

Жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды, анын ичинде тышкы иштер министрликтер аралык кезектеги консультацияларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.

Көп тараптуу күн тартибинин алкагында тараптар эл аралык уюмдардын жана Евробирлигинин алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.