Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолукту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай эл республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Ли Цян бул расмий жумуш сапар эки тараптуу кызматташтыкты жана жакшы коңшулук мамилелерди бекемдеп, тереңдетет деген ишенимин айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыктын кеңири спектрин талкуулашты.