Курулуш материалдарын импорттоого тыюу мөөнөтүнөн мурда алынды
Кыргызстанда сырттан курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн алып кирүүгө киргизилген убактылуу тыюу мөөнөтүнөн мурда алынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Маалыматка караганда, документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эске салсак, буга чейин 2026-жылдын 14-сентябрында курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн импорттоого алты айлык тыюу киргизилген. Чектөө курулуш блокторуна, кышка, плиткаларга, айнекке, электр кабелдерине жана изоляцияланган зымдардын айрым түрлөрүнө тиешелүү болгон.
12-октябрда Министрлер кабинети тыюу салынган товарлардын тизмесин тактап, инвестициялык жана мамлекеттик долбоорлор үчүн айрым жеңилдиктерди киргизген. Ошондой эле чектөө күчүнө киргенге чейин Кыргызстанга жөнөтүлгөн товарларды алып кирүүгө уруксат берилген.
Жаңы токтом менен 14-сентябрдагы №614 жана 12-октябрдагы №691 токтомдор күчүн жоготту. Экономика министрлигине үч күндүн ичинде Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына, ал эми Тышкы иштер министрлигине КМШнын Аткаруу комитетине чектөөлөрдүн алынганы тууралуу билдирүү тапшырылды.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.