“Борбордук Азия – Корея Республикасы” 16-кызматташтык форумуна катышат

“Борбордук Азия – Корея Республикасы” 16-кызматташтык форумуна катышат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Борбордук Азия – Корея Республикасы” 16-кызматташтык форумуна катышат. Бул тууралуу КР ТИМ билдирди.

Такталгандай, тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги форум 1-ноябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтөт.

Алдыдагы форумдун күн тартибинде логистика, саламаттыкты сактоо, экология, санариптештирүү, туризм жана билим берүү боюнча панелдик сессиялар өтөт. Бул багыттар боюнча Кыргызстан Корея менен эки тараптуу негизде да, Форумдун алкагында да жемиштүү иш алып барууда.

Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан Форумдун алдыдагы жыйынына даярдык көрүү боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп, гибрид форматында баяндамалар жана презентациялар пландаштырылган.

Форумдун алкагында эки тараптуу жолугушуулар да пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

29-майда "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жылдык жалпы жыйыны өтүп, коомдун башкаруу органдарынын жаңы курамы бекитилди. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйындын жыйынтыгында Манасбек Самидинов кайрадан башкармалыктын төрагасы болуп шайланды. Ошондой эле башкармалыктын жана директорлор кеңешинин жаңыланган курамы бекитилди. Директорлор кеңешинин төрагалыгына Мирлан Конурбаев шайланды. Мындан

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

30-майда Ош шаарында “Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын” жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы алдыдагы сууга түшүү сезонуна даярдык көрүү алкагында Пионер көлүн калыбына келтирүү жана ага чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүү иштерин баштады. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө объектте 8 даана атайын техника тартылган: 3 экскаватор жана 5 HOWO үлгүсүндөгү оор жүк

Бишкектеги “Анар-Бак” конушуна автобус жүрүп баштады

Бишкектеги “Анар-Бак” конушуна автобус жүрүп баштады

30-майдан тарта Бишкек шаарында №36 автобус каттамынын кыймыл схемасына өзгөртүү киргизилип, “Анар-Бак” конушу камтылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул чечим аталган конуштун тургундары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган. Белгиленгендей, “Анар-Бак” конушунда коомдук транспортту уюштуруу маселеси Бишкек шаарынын