Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды
29-майда "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жылдык жалпы жыйыны өтүп, коомдун башкаруу органдарынын жаңы курамы бекитилди. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын жыйынтыгында Манасбек Самидинов кайрадан башкармалыктын төрагасы болуп шайланды. Ошондой эле башкармалыктын жана директорлор кеңешинин жаңыланган курамы бекитилди.
Директорлор кеңешинин төрагалыгына Мирлан Конурбаев шайланды. Мындан тышкары ревизиялык комиссиянын жаңы курамы да бекитилди.