Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

30-майда Ош шаарында “Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын” жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү” жана тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча Жарлыгын ишке ашыруу максатында Ош шаарынын мэриясы 1-марттан 31-майга чейин жазгы үч айлык жарыяланган. Мэр Жанарбек Акаевдин тапшырмасы менен атайын штаб түзүлүп, шаар аймагында масштабдуу иштер жүргүзүлгөн.

Үч айдын ичинде Ош шаары боюнча 6150 куб метр таштанды чыгарылып, 133 чакырымдан ашуун ирригациялык тармактар жана каналдар тазаланды. Шаар аймагына 90 716 түп көчөт жана 560 миңден ашуун гүл көчөттөрү отургузулду.

“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбакомбинаты” тарабынан 104 түп ийне жалбырактуу, 5121 түп жазы жалбырактуу бак, 1090 түп бадал, 50 миң түп роза гүлү жана 530 миңден ашуун гүл көчөттөрү отургузулду. Муниципалдык аймактык башкармалыктар, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактары да жашылдандырууга активдүү салым кошушту.
“Ош-Тазалык” ишканасы шаардын кең көчөлөрүнө таштандыларды бөлүп таштоочу 50 даана, Н.Исанов көчөсүнө 100 даана таштанды үкөкчөлөрүн орнотту. “Ош шаардык жолдор” ишканасы 3000 чарчы метр темир, 4000 чарчы метр бетон тосмолорду сырдап, 600 чарчы метр жөө адамдар өтүүчү жол белгилерин жаңылады. Ал эми муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы 18 көп кабаттуу үйдүн сырткы фасаддарын актап-сырдап чыкты.

Ошондой эле Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин демилгеси менен шаар аймагындагы рекультивацияланган 8 көрүстөндүн орду толугу менен жашыл аймакка айландырылып, 10 гектардан ашуун аянтка миңдеген бак-дарактар отургузулду. “Жашыл шаар” саясатынын алкагында бүгүнкү күндө Ош шаарынын ар кайсы аймактарында тамчылатып сугаруу системалары менен жабдылган 13 жаңы сквер жана заманбап сейил бактардын курулушу жүрүүдө.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү шакекче темир жолунун курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы долбоорду ишке ашыруу механизмдерин аныктоо пландалууда. «Темир жолдун курулушун этап-этабы менен жүргүзүү болжолдонууда. Биринчи этапта Балыкчы – Чолпон-Ата тилкеси салынат, андан соң Чолпон-Ата – Каракол

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Бүгүн Улуттук банк тарабынан алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык туруктуу жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйынга Улуттук банктын, финансы-кредит мекемелердин, байланыш операторлорунун, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мурдагы жыйындардын алкагында

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 11-13-июнда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга биринчи расмий сапары болот. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына кабарланды. Маалыматка таянсак, сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин эки жактуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы кызматташтыкты

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековду тааныштырды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн кабарлаганына караганда, Министрлер Кабинетинин башчысы мекеменин алдына артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.  Адылбек Касымалиев министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековго жооптуу кызматта ийгил