Кайрат Иманалиев маданият министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Чечим Иманалиевдин башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу.