Өкмөт 2024-жылдан баштап аймактардын реформасын баштайт

Өкмөт 2024-жылдан баштап аймактардын реформасын баштайт

Министрлер кабинети облустарда административдик-аймактык реформаны (ААР) ишке ашыруу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу минкаб билдирди. 

Аймактардагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү министрлер кабинетинин башчы Акылбек Жапаровго пилоттук режимде айыл аймактарды бириктирүү боюнча долбоорлорду сунушташты.

Айыл-аймактарды ирилештирүү долбоорлору жергиликтүү калк менен талкууланып, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин сессияларында депутаттар тарабынан каралган.

Белгилей кетсек, жакын арада 2024-жылдын 1-апрелине чейин ААР пилоттук режимде ишке ашыруу боюнча Президенттин жарлыгы чыгуусу пландалууда.

Ошондой эле, 2024-жылдын 1-июнуна чейин «Административдик-аймактык түзүлүш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде тиешелүү мыйзам долбоору даярдалып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргызстандын гимни менен аяктады. Баш мыйзамдын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө ылайыкталган социалдык шаарча курулат

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө ылайыкталган социалдык шаарча курулат

Кадамжай районунда аз камсыз болгон жана жардамга муктаж жарандар үчүн социалдык шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Пайдубал түптөө аземине президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов, "Ассанабиль" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана Кувейттеги Шейх Абдулла Нурий уюмунун жетекчилери катышты. Долбоордун алкагында 60 үй-бүлөгө ылайыкталган турак

Мыйзамсыз курулуп жаткан жатакананын курулушу токтотулду

Мыйзамсыз курулуп жаткан жатакананын курулушу токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөлдөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын, Турусбеков көчөсүндө жайгашкан 3 кабаттуу жатакананын курулушунда шаар куруу мыйзамдарынын талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Тактап айтканда, аталган

Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 27 млрд долларды түздү

Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 27 млрд долларды түздү

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунаболгон жумуш сапарынын алкагында, “Жибек жолунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү ­– Евразиянын жаңы энергиясы” аталышындагы “Кытай-Евразия” 9-ЭКСПОнун ачылыш аземине катышты. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, Эрлист Акунбеков “Кытай-Евразия” ЭКСПОго үзгүлтүксүз негизде активдүү катышып келген Кыргызстан