Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 27 млрд долларды түздү

Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 27 млрд долларды түздү

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунаболгон жумуш сапарынын алкагында, “Жибек жолунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү ­– Евразиянын жаңы энергиясы” аталышындагы “Кытай-Евразия” 9-ЭКСПОнун ачылыш аземине катышты.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, Эрлист Акунбеков “Кытай-Евразия” ЭКСПОго үзгүлтүксүз негизде активдүү катышып келген Кыргызстан үчүн Кытай жана аймактын өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо баалуу аянтча болуп калганын белгиледи. 

Ал эми, соода-экономикалык кызматташтыкта Кытай Кыргызстандыннегизги соода жана инвестициялык өнөктөшү экенин, мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу соода жылдан-жылга өсүп, өткөн жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 27 млрд долларды түзгөн. 

Энергетика тармагында болсо Кыргызстан өнөктөштөр менен кайра жаралуучу энергиянын долбоорлору, анын ичинде ГЭСтерди куруу жана модернизациялоо боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экени белгиленди. 

Эрлист Акунбеков мындан тышкары заманбап Жибек жолундагы ири долбоорлорду колдоого жөндөмдүү натыйжалуу финансылык инструменттерди ишке ашыруу өзгөчө актуалдуу болуп жатканын айтып, кыргыз тарап Кытай менен финансылык жана банктар аралык кызматташууну мындан ары тереңдетүүнү жактаарын кошумчалады. 

Мындан тышкары окуңуз

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү долбоор Кожомкул айыл өкмөтү тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты — жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктуу конуштун аймагын пландаштырууну тартипке келтирүү, калк үчүн жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жана

Ишкер Media
Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда алма импортуна 2027-жылдын 1-февралына чейин тыюу салынды. Тиешелүү токтомго КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 324 гектарды түзөт. Ал эми 2026-жылы алманын түшүмү 179 393 тоннага жетери болжолдонууда. Расмий маалыматтарга ылайык,

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге жакын көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 26-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 69 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 132 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-жылдын тогуз айында райондогу 6 капиталдык

Ишкер Media
Бишкекте жакында оңдолгон фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынат

Бишкекте жакында оңдолгон фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынат

Бишкек шаардык мэриясы борбордо жакында бюджеттик каражаттардын эсебинен оңдолгон имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынганын билдирди. Маалыматка караганда, буга тиешелүү калаа бийлигинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 353-т тескемеси бар. Борбордо төмөнкү даректерде жайгашкан имараттардын фасаддары оңдолгон: * Чүй проспектиси боюнча Манас көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин; * Жибек Жолу проспектиси боюнча

Ишкер Media