Кадамжайда 60 үй-бүлөгө ылайыкталган социалдык шаарча курулат
Кадамжай районунда аз камсыз болгон жана жардамга муктаж жарандар үчүн социалдык шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Пайдубал түптөө аземине президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов, "Ассанабиль" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана Кувейттеги Шейх Абдулла Нурий уюмунун жетекчилери катышты.
Долбоордун алкагында 60 үй-бүлөгө ылайыкталган турак жайлар, 220 орундуу мектеп, 60 орундуу бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт, дарыкана, тигүү цехи, мечит жана азык-түлүк дүкөнү курулат.
Маалыматка ылайык, социалдык шаарчанын курулушун Шейх Абдулла Нурий уюму каржылап, бардык иштер бир жылдын ичинде аяктайт.

