Садыр Жапаров Япониянын тышкы соода уюмунун башкаруучусу менен жолукту

Садыр Жапаров Япониянын тышкы соода уюмунун башкаруучусу менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) башкаруучусу Норихико Ишигуро менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар соода-экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн реалдуу практикалык кадамдар жасалып жатканын белгилеп, Япониянын компанияларын жана каржы түзүмдөрүн өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Бул контекстте Садыр Жапаров чет элдик инвесторлорду коргоо маселесине жеке көңүл буруп, Кыргызстанга салынып жаткан инвестициялардын корголушуна кепилдик берерин баса белгиледи.

Ал өз ара кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири - маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө басым жасады.

Президент Садыр Жапаров бул жагынан алганда өлкө дайыма суроо-талапка ээ боло турган жогорку потенциалга ээ экенин жана келечекте санариптик экономиканы алга жылдырууга, билим берүүнүн, саламаттык сактоонун жана инфраструктуранын сапатын жакшыртууга көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи. Кыргыз тарап IT-тармагын жакшыртууга Япониянын тажрыйбасын жана алдыңкы технологияларын тартууга кызыкдар.

Өз кезегинде JETRO компаниясынын башкаруучусу Норихико Ишигуро Президент Садыр Жапаровго жеке жолугуп, келечектүү долбоорлорду талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстанда абдан чоң потенциал бар экенин жана япон компанияларынын өлкөгө болгон кызыгуусу өсүп жатканын, буга байланыштуу кызыгууну өз ара кызыкчылык туудурган конкреттүү сунуштар менен толтуруу зарыл экенин баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Норихико Ишигуро бул жолугушуу кыргыз-япон кызматташтыгынын алкагында ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачарын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абадагы интернет-кабелдерди демонтаждоо башталды

Бишкекте абадагы интернет-кабелдерди демонтаждоо башталды

Бишкекте Биринчи май райондук акимиатынын кызматкерлери "Бишкексвет" муниципалдык ишканасы менен биргеликте талаптарга жооп бербеген интернет-кабелдерди аныктоо боюнча рейд өткөрүшкөнүн бүгүн райондук администрация билдирди. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө салбырап турган линияларга, жолдун жана тротуарлардын үстүнөн өткөн кабелдерге, ошондой эле шаардын көркүн бузган тармактарга өзгөчө көңүл бурулду. Эрежелерди бузуу менен орнотулган жана

Бишкекте 10 жылдан бери чечилбей келген турак үй маселеси жөнгө салынды

Бишкекте 10 жылдан бери чечилбей келген турак үй маселеси жөнгө салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан дагы бир көп кабаттуу турак үй мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары Руслан Суракматов жана Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Мирлан Шайымкулов Ахунбаев көчөсү, 173 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак үйдүн жашоочулары менен жолугушуп, объекттин

Февралда мигранттар Кыргызстанга 224 млн доллардан ашык акча которушкан

Февралда мигранттар Кыргызстанга 224 млн доллардан ашык акча которушкан

2026-жылдын февраль айында Кыргызстанга акча которуулардын жалпы көлөмү 224,2 млн долларын түзгөнүн Улуттук банкы билдирди. Негизги акча агымы КМШ өлкөлөрүнөн келип, жалпы 208,2 млн долларды түзгөн. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген каражаттар 16 млн доллар болгон. Эмгек мигранттарынан жана жеке адамдардан келген акча которуулар өлкө ичиндеги төлөө

Жол фондунун 10%ын  тармакты өнүктүрүүгө жумшалат

Жол фондунун 10%ын  тармакты өнүктүрүүгө жумшалат

Жол фондунун каражатынын 10%ы тармакты өнүктүрүүгө багыттоо тууралуу мыйзам долбоору үч окууда каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы ырастады. “Мыйзам долбоорун Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев тааныштырды. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, жол фондусуна топтолгон каражаттын 10%ын тармактын өзүн өнүктүрүүгө багыттоо сунушталууда. «Тармактын системалуу өнүгүүсүн