Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктады

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында республикалык бюджеттин аткарылышы жана алдыдагы жылдардын бюжети тууралуу маалымат берип жатып, мамлекеттик чек арада жана күч түзүмдөрүндө жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктаганын, ал эми кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо иштери эки өлкөнүн дипломатиялык түшүнүүчүлүк нугуна түшкөндүгүн билдирди.

“Чек ара кызматына 2 жылда 20 млрд сомдон ашуун каражат жумшалды. Курал-жарактар, учкучсуз учактар, брондолгон машиналар, камаздарды сатып алдык”, - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары 2 жылда 100% жаңыланганын айтты. 

“Элди бөөдө кырсыктардан сактоо, алдын алуу, кесепеттерин жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети 2 жылда 4 эсеге көтөрүлдү, 30 жылда биринчи жолу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3 вертолетко ээ болду. Жалпы 700 техника жаңырды. Мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 422 млн сом бердик”, - деди Акылбек Жапаров.

Коргоо министрлиги боюнча МинКаб Төрагасы биринчи жолу зениттик-ракеталык комплекс алынганын, азыркы күндө 10 вертолет, 1 самолет иштеген абалга келгенин, бул абадан коргонуубузду камсыз кылаарын кошумчалады.

Ички иштер министрлигиндеги жүргүзулүп жаткан реформалар боюнча Акылбек Жапаров буларга токтолду.

“Ички иштер министрлигинде ар бир участкалык милицияга бирден планшет, бодикамераларды сатып бердик. 143 автотехника аймактарга кетти, 20 мобилдик автокоплекс ураган берилди. Санариптештирүү жаатында коомдук коопсуздук үчүн 800дөн ашуун видеокамера орнотулду”, - деди ал.

Мындан тышкары, улуттук коопсуздук жактан элдин тынч жашоосуна коркунуч туудурган уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш күчөтүлгөнүн, анын арты менен 2 террористтик топтун, 144 диний-экстремисттик уюмдун иши жабылганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.