Минкаб коррупция менен күрөшүүнү негизги жетишкендик деп эсептейт

Минкаб коррупция менен күрөшүүнү негизги жетишкендик деп эсептейт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту, 2023-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо алкагында президенттин негизги жетишкендиги катары саясий корррупцияны демонтаждоо болгондугун айтты.

«Анын эң башкы далили – Кумтөр, ал элге кайтарылды: Мындан тышкары Мегаком (300 млн$), Бител (75 млн$), Манас банк (18 млн$), Таш-Көмүрдөгү (60 млн$) завод кайтарылды. Эл аралык арбитраждык 11 иш боюнча жеңишке жеттик. Саясий коррупцияга каршы күрөштүн акыркы эпизоду уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш болду, анткени бул дагы саясий коррупциянын элементи катары саналган жана акыркы 30 жылда өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшүнүн шарты», — деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, президент мамлекетти иретке келтирүү үчүн минкаб төрагасы менен анын орун басарлары ортосунда милдеттерди так бөлүштүргөн. Тактап айтканда, өлкөнүн экономикалык блогуна – министрлер кабинетинин төрагасы, ал эми күч блогуна Камчыбек Ташиев жоопкерчилик алган.

«Азыр министрлер кабинетинин ичинде эч кандай түшүнбөстүктөр жок. Биздин темпке чыдабагандар же мурдагыдай жүрө берсе болот дегендер өздөрү эле жолдон түшүп калып жатат. Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн ортосунда келишпеген бир да маселе жок», - деди минкаб башчысы.

Мындан тышкары, ал мыйзам чыгаруунун күн тартибин колдогон депутаттык корпуска ыраазычылык билдирип, Президенттин командасын Манастын «Кырк чоросуна» салыштырды.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун