Көлбаевге тиешеси бар деп шектелген экс-депутаттын уулу кармалды

Көлбаевге тиешеси бар деп шектелген экс-депутаттын уулу кармалды

 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Борис Сандын уулу – Александр Сан кармалды. Ага 2023-жылдын 21-ноябрында кылмышка шериктеш болгон деген айып тагылып, 2024-жылдын 4-январына чейин УКМК тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, алар Турсунтай Салимовго (ИТТИПАК уйгур диаспорасынын лидери, “Мадина” базарынын негиздөөчүсү) таандык болгон мурунку бала бакчанын (азыркы “Роял спорт” ден соолукту чыңдоо комплексинин) аймагына көп кабаттуу премиум турак жай курууну пландап жатышкандыгы аныкталган. Көп кабаттуу үйдү курууну баштоонун шарттарынын бири катары курулуш компаниясы турак жайдын курулушун бүткөрүүнүн кепилдиги жана күрөө катары кымбат батирди бериши шарт болгон. Андан кийин, турак жай курууга уруксат алуу мүмкүн болбогондуктан, келишим бузулган.

Бирок, Салимов Ильшат Турсунтаевич 2020-жылдын январь айында Сан А.Б жана К.Асанбек менен сүйлөшүп алып, басым көрсөтүү жана күч колдонуу менен коркутуп премиум класстагы  курулуш компаниясына таандык (баасы 300 000 АКШ доллары турган, “Магнат” турак жай комплексинде аянты 300 м.кв. болгон) кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алышкан. Кийинчерээк бул батирди К.Асанбек Чолпон-Ата шаарындагы имараты бар жер участогуна (мурдагы “Зодиак” казиносу, Сан Б.А.га таандык)  соода борборун куруу максатында алмаштырып алган.

Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн батир КР ЖКнын экс-депутаты Сан Борис Анатольевичтин (“Сан-Сити” комплексинин, “Золотой Дракон” ресторанынын, мурунку “Сан-клуб” казиносунун ээси) К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга катышкан уулунун - Сан Александр Борисовичтин наамына катталган.

Ошондой эле, Сандын үй-бүлөсү 59 бирдик кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө, анын ичинде жалпы баасы 80 млн АКШ долларын түзгөн коммерциялык багыттагы мүлккө ээ экендиги боюнча маалымат алынган. Тактап айтканда, Бишкек шаарында жалпы аянты 61 918 кв.м., 50 миллион АКШ долларын түзгөн кыймылсыз мүлк, анын ичинде учурда курулуш жүрүп жаткан, аянты 20 800 чарчы метр мурдагы “Сан сити” комплекси.

Ысык-Көл облусунда - кыймылсыз мүлк объектилери (“Ак-Марал” эс алуу борборундагы К.Асанбектин коттедждеринин жанында жайгашкан коттедждер, алардын туруктуу байланыштарын көрсөтүп турат), ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналарда жайгашкан баасы 15 млн АКШ долларлык, жалпы аянты 12,9096 чарчы. м (12,9 га) жер участоктору. Чүй облусунда - баасы 15 млн АКШ долларлык, жалпы аянты 201 000 чарчы метр (20,1 га)  жер тилкелери. Ошондой эле, Сандын үй-бүлө мүчөлөрү курулуш, коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси жана дүң жана чекене соода тармагындагы 11 ЖЧКнын тең түзүүчүлөрү болуп саналышат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта ишканалары бар экени аныкталган.

          Учурда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар башка адамдарды, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун