Ала-Букада аткезчиликке көмөктөшкөн чек арачылар кармалды

Ала-Букада аткезчиликке көмөктөшкөн чек арачылар кармалды

2023-жылдын 18-декабрында атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө чек ара кызматынын «Баймак-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Кармалган чек арачылар көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагы аркылуу жумуштан тышкаркы убакта мыйзамсыз жүк алып өтүү учурунда кармалган. Такталгандай, көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунун кызматкерлеринин бул системалуу мүнөздөгү иш-аракеттери жана туруктуу контрабанда каналы уюштурулуп, жигердүү иштеп жаткандыгы аныкталды. Аталган чек ара кызматынын кызматкерлери акчалай сыйлык үчүн түн ичинде контрабандалык жүктөрдү өткөрүүгө жигердүү көмөктөшкөн. Мындан улам, бул кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында, чек-ара кызматынын көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунда атайын орнотулган видеокөзөмөл камераларын жаздырууга жол бербөө максатында, ошол объектинин бүткүл аймагында электр энергиясын өчүрүүгө барган.

Ошондой эле аталган чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөктөшүү жолу менен, «Баймак» көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунда мыйзамсыз аткезчиликти уюштуруу фактылары аныкталган.

Азыркы учурда бул контрабандалык ишке катышкан «Баймак-автожол» көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунун 8 кызматкери жана 5 жөнөкөй жаран кармалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүсүнө шарт түзүлөт. Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкекте муздак суунун баасы көтөрүлдү. Бул чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Маалыматка ылайык, суунун бир куб метринин баасы 10,45 сомдон 15,73 сомго чейин, ал эми канализация үчүн 3,45 сомдон 6,80 сомго чейин көтөрүлдү. Бишкек шаардык кеңешине суу менен камсыздоо тарифтерин көтөрүү сунушун борбор калаанын мэриясы

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

Талас облусунун Манас районунда жайгашкан “Чон-Капка – автожол” автомобиль өткөрүү пунктунда комплекстүү оңдоо иштери аяктады. Маалыматка ылайык, “Чон-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун оңдолушу менен жарандардын транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жакшырды. Ошондой эле көзөмөлдөөчү органдардын иштөөсү үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында жүргүзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 70

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

26-июнда Бишкек шаарында Алматы – Бишкек экономикалык коридору демилгесинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын туризм боюнча биргелешкен жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлери, Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Казакстандын Туризм