Депутаттар бир катар мыйзамдарды колдошту – тизме

Депутаттар бир катар мыйзамдарды колдошту – тизме

Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай,  «2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Бул тууралуу эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов маалымат берди.

Макулдашуунун негизги максаты бир мучө мамлекеттин аймагында катталган потенциалдуу берүүчүлөрдүн мучө мамлекеттердин экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен тең укуктуулуктун жана өз ара пайданын принциптерине таянуу менен башка мучө мамлекетте өткөрүлүүчү мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларга катышууга тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга умтулуу, ошондой эле мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жузөгө ашырууда заказчылардын укуктарын талаптагыдай коргоо зарылдыгы болуп саналат.

Мындан тышкары, жыйында  «2023-жылдын 31-июлунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору каралды.

Макулдашуу менен кампа күбөлүктөрүн жүгүртүүгө жана сатып алууга бирдиктүү мамилелер, мамлекеттик сактоонун типтүү келишимине талаптар, кампага кампа күбөлүктөрүн берүү (чыгаруу) укугу белгиленет.

Тагыраагы, документ Евразия экономикалык биримдигинде кампа күбөлүктөрү менен иштөө практикасын түзүүгө багытталган жана алар ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан бул чөйрөдөгү бирдиктүү талаптардын негизинде өз ара таанууну карайт. Документте ошондой эле бул чөйрөдө мамлекеттик контролду камсыз кылуунун багыттарын жана кампа күбөлүгүндө камтылууга тийиш болгон милдеттүү маалыматтар катталат.

Депутаттар ошондой эле, «2023-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган министрлер кабинети менен Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы Глобалдык жашыл өсүш институтунун (GGGI) укуктук статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» КРнын мыйзамынын долбоорун карап, кабыл алды.

Мындан тышкары окуңуз

Талас шаарында 40 чакырым жол курулуп башталды

Талас шаарында 40 чакырым жол курулуп башталды

Талас шаарында жалпы узундугу 40 чакырымды түзгөн ички жолдорду куруу жана оңдоо иштери башталды. Анын алкагында 12 көчөдө толук кандуу курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев өзү маалымат таратты. Бүгүн, 20-апрелде Эрмат Джумаев, Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көрөбаев жана тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү

Кыргызстан  турак жай көлөмү боюнча ЕАЭБде 3-орунду ээледи

Кыргызстан турак жай көлөмү боюнча ЕАЭБде 3-орунду ээледи

2026-жылдын январь–февраль айларында ЕАЭБ өлкөлөрүндө жалпысынан 17 млн 548,4 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилген ЕЭКтин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоодо айтылат. Жалпысынан ЕАЭБ боюнча турак жайды пайдаланууга берүү өткөн жылга салыштырмалуу 27,2%га кыскарган. Ошол эле учурда айрым өлкөлөрдө өсүш байкалган: * Арменияда — 137,6%га; * Казакстанда — 9,

"Ала-Тоо Резортто" заманбап аркан жолу курулуп бүттү

"Ала-Тоо Резортто" заманбап аркан жолу курулуп бүттү

"Ала-Тоо Резорт" туристтик комплексинде аркан жолунун курулушу аяктаганын долбоорду ишке ашыруучулар билдиришти. Алардын маалыматына ылайык, учурда аркан жолу сыноо режиминде ишке киргизилип, тестирлөөдөн өтүп жатат. Инфраструктурада аркан жолун иштетүү жана башкаруу үчүн үч станция каралган. Объекттин узундугу 2 миң 280 метрди түзөт. Аркан жолунун курамына үч станция кирет.

ЕФСР Кыргызстан экономикасынын 2026-жылга өсүү божомолун жогорулатты

ЕФСР Кыргызстан экономикасынын 2026-жылга өсүү божомолун жогорулатты

Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун (ЕФСР) аналитиктери Кыргызстан боюнча макроэкономикалык божомолду жогорулатышты. Алардын күтүүсүнө ылайык, 2026-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) 8,3% өсүп, болжол менен 2 трлн 334,8 млрд сомго жетет. 2026-жылы экономиканын ылдам өсүшүнүн негизги фактору фискалдык стимулдардын кеңейиши болот. Мамлекет социалдык чыгымдарды көбөйтөт: бюджет кызматкерлеринин айлык