Кадамжайда жерлерди мыйзамсыз берген мурдагы жетекчилер кармалды

Кадамжайда жерлерди мыйзамсыз берген мурдагы жетекчилер кармалды

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн мурдагы жооптуу кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жер мыйзамдары жаатындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчилери кызматтык абалынан пайдаланып, жеке материалдык пайда табуу максатында жарандарга турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берип келишкени аныкталган.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын негизинде мурдагы жооптуу кызмат адамдары С.М.М. жана М.Ш.М. кармалып, сот тарабынан аларга карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда УКМК тарабынан бул кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чүйдүн суу объектилеринен 1000 метр синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды

Чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандарга экинчи турак жайлар берилүүдө

Адылбек Касымалиев COP31 Лидерлер саммитинде улуттук билдирүү жасады

Баткенде акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери толугу менен аяктады

Борбор калаада кар тазалоого 114 атайын техника даярдалды