Райымбек Матраимовдун жалпы 34.8 млн долларлык мүлкү мамлекетке өттү

Райымбек Матраимовдун жалпы 34.8 млн долларлык мүлкү мамлекетке өттү

Экс-бажычы Райымбек Матраимов жана анын жакын санаалаштары тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы баасы 34 млн 810 миң 500 долларын (3 млрд 98 млн 134 миң сом) түзгөн төмөндөгү объекттер мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеме мамлекетке өткөн мүлктүн тизмесин жарыялады:

·      Бишкек шаарындагы Киев-Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу «Бай Таш мунарасы» турак жай комплекси, жалпы аянты 8148,5 чарчы метр, алдын ала баасы 16 млн 297 миң АКШ долларды түзөт;

·      Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан «Ихлас» курулуш компаниясынын турак эмес, коммерциялык имараттары,  жалпы аянты 5085 чарчы метр, алдын ала баасы 7 млн 627 миң АКШ долларын түзөт;

·      Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы 3,87 га жер тилкеси менен «БИМИ Ош сервис» БКЖ (бажылык каттоо жери) алдын ала баасы 4 млн. АКШ долларын түзөт;

·      Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүнүн 79 Б дарегинде жайгашкан  «Эрем» спорт клубу, жалпы аянты 538 чарчы метр, болжолдуу баасы 1 млн АКШ доллары;

·      Бишкек шаарынын Ж.Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан 2 корпус, офис кеңсеси, жалпы аянты 700 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн 500 миң АКШ долларды түзөт;

·      Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 га жер тилкеси менен «Юни Лаб» БКЖ (бажылык каттоо жери) болжолдуу баасы 1 млн 286 миң АКШ доллары;

·      ⁠Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Имарат Стиль» ЖЧКсына тиешелүү «ИМПЕРИАЛ» турак жай эмес коммерциялык имараты, жалпы аянты 1400 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн. 100 миң АКШ долларын түзөт.

          Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Р.Матраимовдун кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча тиешелүү комплекстүү иш-чаралар улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Аймактарда жол боюндагы тилкелерге мөмөлүү бактарды отургузуу пландалууда

Аймактарда жол боюндагы тилкелерге мөмөлүү бактарды отургузуу пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкө аймактарында жер кыртышынын эрозиясын азайтуу жана жашыл инфраструктураны өнүктүрүү максатында жол боюнда мөмөлүү бактарды отургузуу демилгесин ишке киргизүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында ар бир районде болжол менен 1 чакырым негизги жол тилкесине мөмөлүү дарактар тигилет. Учурда айрым облустарда

Климаттык таасирлер 2050-жылга чейин Кыргызстан ИДПсын 4%га чейин азайтышы мүмкүн

Климаттык таасирлер 2050-жылга чейин Кыргызстан ИДПсын 4%га чейин азайтышы мүмкүн

Кыргызстандын экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу өлкөгө экономикалык трансформацияны ылдамдатууга, жумуш орундарын түзүүгө жана калкты өсүп жаткан климаттык коркунучтардан коргоого шарт түзөрүн Дүйнөлүк банк тобу жарыялаган Кыргызстандын климаты жана өнүгүүсү боюнча отчетунда (CCDR) айтылды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2000-жылдагы 62,6%дык жакырчылык деңгээлин 2024-жылы 26%

Кыргызстандын банк секторунда насыялар жана аманаттар 35%га өстү

Кыргызстандын банк секторунда насыялар жана аманаттар 35%га өстү

Кыргызстандын банк тармагынын кредиттик портфели 460 млрд сомго жетип, 35%га өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева "Биринчи радионун" эфиринде билдирди. Карабаеванын айтымында, депозиттик портфель да 35%га өсүп, 804 млрд сомду түздү. Ошол эле учурда аманаттардын жана насыялардын негизги бөлүгү улуттук валютага туура келет.

Айыл чарбасында сугат суусунун тартыштыгы 2040-жылга чейин 24%га чейин жетиши мүмкүн

Айыл чарбасында сугат суусунун тартыштыгы 2040-жылга чейин 24%га чейин жетиши мүмкүн

Дүйнөлүк банк тобу жарыялаган Кыргызстандын климаты жана өнүгүүсү боюнча отчетунда (CCDR) 2040-жылга чейин айыл жергесинде жашаган кошумча 170 миңге жакын адам жакырчылык чегинен төмөндөп кетиши мүмкүн экени айтылды. Айыл чарбасында сугат суусунун тартыштыгы 24%га чейин жетип, жыл сайын кирешелердин 5–10%жоготуусуна алып келиши мүмкүн. Инфраструктура — биринчи кезекте жолдор