Минкабда инновация жана жаңы технологиялар боюнча жыйыны өттү

Минкабда инновация жана жаңы технологиялар боюнча жыйыны өттү

Министрлер кабинетинин төрагасынын алдындагы илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү. 

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук илимдер академиясынын өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маселелер талкууланды. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекет башчынын жарлыгын сапаттуу жана натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

«Биз министрлер кабинетинен ишмердүүлүктүн айрым багыттары боюнча, өзгөчө экономика, өнөр жай, айыл чарба чөйрөсүндө биздин академиялык чөйрөлөрдөн жана жогорку окуу жайлардан чечкиндүү кадамдарды, сергек идеяларды жана сунуштарды күтөбүз. Суу ресурстары жана азык-түлүк коопсуздугу Илимдер академиясынын ишинин негизги багыттары болууга тийиш, бул аспектилерде илимдин, университеттердин жана мамлекеттик органдардын координацияланган натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү зарыл. Процесске киргизүүнү жана конкреттүү чечимдерди күтүп жатабыз», — деди Акылбек Жапаров. 

Жыйындын жүрүшүндө ал Билим берүү жана илим министрлиги менен Улуттук илимдер академиясы тарабынан илим тармагына тийиштүү көңүл бурулбай жатканын белгилеп, өлкөдө илимди өнүктүрүү үчүн эки бөлүмдүн өз ара аракеттенүүсү жана биримдиги зарыл экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

29-мартта China Southern Airlines авиакомпаниясынын Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу маршруту боюнча биринчи каттамы ишке ашканын кечээ "Кыргызстан Аэропорттору" ААКы билдирди. Компаниянын маалыматына караганда, регулярдуу каттамдар апта сайын эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Биринчи каттам менен эл аралык Манас аэропорту аэропортуна 134 жүргүнчү келди, кайтарма каттам менен Гуанчжоуга

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек шаарында жылуулук тармактарынын 68,6%ы физикалык жактан эскиргенин "Биринчи радио" эфиринде "Бишкекжылуулуктармактары" муниципалдык ишканасынын башкы инженери орун басары Юрий Дмитрущенко билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 4%га төмөндөгөн — буга чейин эскирүү деңгээли 72,7%ды түзгөн. "Биз авариялардын санын минималдуу деңгээлге түшүрүүгө аракет

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея акыркы жылдары

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарында комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Рейддер жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардагы бир катар түнкү клубдарда жана барларда жүргүзүлдү. Анын максаты — баңгизат жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам талаптарын