«Капитал Групптун» ээсине издөө жарыяланды – ал Көлбаевди каржылаган деп шектелүүдө

«Капитал Групптун» ээсине издөө жарыяланды – ал Көлбаевди каржылаган деп шектелүүдө

УКМК тарабынан «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген РФнын ири ишкерлеринин бири – Павел Тё (криминалдык чөйрөдө "Паша Кореец" катары белгилүү) тарабынан "мыйзамдагы ууру" К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу ведомство билдирди.

Тактап айтканда, П.Тё Кыргыз Республикасынын аймагында колдоо алуу жана биргелешкен бизнес жүргүзүү максатында крим чөйрөсүнүн  өкүлдөрү менен, атап айтканда, "Мыйзамдагы ууру" К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу менен, ошондой эле КР аймагында издөөдө жүргөн уюшкан  кылмыштуу топтун мүчөсү Азим Рой (криминалдык чөйрөдө К. Асанбектин "өкүл атасы" катары белгилүү, оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон Руслан Чалдоварский) менен байланыш түзгөн.

Ошол эле учурда П.Тё  К.Асанбектин криминалдык статусун билип жана түшүнүп туруп, ага КР аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин курууга каржылык жардам көрсөткөн.

Мындан тышкары, П.Тёге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен сыртынан камакка алуу туралуу баш коргоо чарасы тандалып алынып, сот органынын токтому менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөө да жарыяланган.

Азыркы учурда Т.П.В.га карата эл аралык издөө жарыялоо максатында  КМШ өлкөлөрүнүн аймагында да  тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы